Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Хожент түрмөсүндөгү тополоң боюнча сот өкүмү чыкты


Хоженттеги тополоң чыккан түрмө.
Хоженттеги тополоң чыккан түрмө.

Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдө былтыр ноябрь айында чыккан тополоң боюнча үч адам өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилди. Жазасын өтөп жаткан дагы 30 киши 14 жылдан 24 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Бул маалыматты адвокаттардын бири жана соттолгон адамдардын жакындары «Азаттыктын» тажик кызматына ырасташты. Алардын айтымында, тополоңду уюштурууга катышканы айтылган бул кишилерге сот өкүмү июль айынын соңунда чыккан.

Өмүр бою түрмөгө кесилгендердин бири Амирали Давлатовдун аялы Окиламох күйөөсүнүн тополоңго тиешеси жок экенин айтты.

Тажик бийлиги 2018-жылдын 8-ноябрына оогон түнү башталган Хожент түрмөсүндөгү тополоңду токтотуу маалында абактагы 23 киши жана эки түрмө сакчысы мерт болгонун ырастаган. «Ислам мамлекети» террордук тобу тополоң абактагы бир тарапкери түрмө кызматкерине кол салгандан кийин башталганын билдирип чыккан.

Быйыл май айында баш калаа Дүйшөмбүдөн 15 чакырымдай алыстыктагы Вахдат түрмөсүндө да тополоң чыгып, андан баш-аягы 32 кишинин өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG