Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Бишкекте жаңы сейил бак өз убагында ачылат


Бишкектин түштүк ыптасында курулуп жаткан жаңы сейил бактын курулуш иштери августтун акыркы күндөрү аяктап, ачылышы 29-30-августка белгиленип жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алманбетова билдирди.

Жалпы аянты 10 гектардан ашык парктын курулушу быйыл март айында башталган. Аны эгемендик майрамына карата ачуу пландалган. Жалпысынан 4 муниципиалдык ишканадан 300дөн ашуун адам эмгектенип, бюджети 80 миллион сомдун айланасында болгон. Сейил бактагы сугаруу, жарык берүү жана таштанды чогултуу ыкмалары заманбап технологиялар менен ишке ашары айтылууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG