Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланат


Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

Бүгүн, 22-августа Ош шаардык сотунда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу сот иши уланат. Бул тууралуу «Азаттыкка» кылмышка шектүү Мелис Калыковдун адвокаты Асылбек Кунгуров билдирди.

Жактоочу прокурордун сөөгүн тапкан адамды, окуяны каттап, далил буюмдарга номер койгон эксперттерди да күбө катары чакырууну соттон өтүнгөн.

43 жаштагы Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. (MdN/КЕ)

Дагы караңыз: Абжалиевдин баласы катышкан кырсык тергелип бүтө элек

XS
SM
MD
LG