Линктер

жекшемби, 15-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:04

Бишкектеги өрттөн эки адам ооруканага түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Интергелпо көчөсүндөгү кампада өрт чыккандан кийин эки киши ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Андан алынгн маалыматка ылайык, 21-август күнү болуп өткөн өрттүн кесепетинен 30 жана 31 жаштагы эки адам түтүнгө ууланган. Учурда аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы жакшы болуп калды.

21-августта мурдагы Фрунзе атындагы заводдун аймагындагы кампалардын биринен өрт чыккан. Жалпы аянты 3200 чарчы метрди түзгөн бул кампада «Строй Снаб», «Ди Кей Эй Трейдинг» жана ВЕКО фирмаларынын товарлары сакталып турган. Учурда өрттүн себептери жана зыяны эсептелип жатат. (BkA)

Дагы караңыз: ӨКМ: «Беко» компаниясынын кампасында чыккан өрткө бөгөт коюлду (видео)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG