Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 07:04

Санкт-Петербургда кемедеги өрт бир кишинин өмүрүн алды


Нева дарыясынын жээги. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында төрт палубалуу кемеде өрт чыгып, андан бир киши каза тапты.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү билдиришкендей, Нева дарыясында сүзүп бараткан «Петр Чайковский» кемесинде өрт жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 5:30дар чамасында чыккан.

Борттогу 300дөн ашуун адам кемеден түшүрүлгөн. Каза тапкан кишинин сөөгү кеменин өрт чыккан мотор бөлүгүнөн табылган. Азырынча ал экипаждын мүчөсү же жүргүнчү экени белгисиз.

Тилсиз жоо бир сааттын ичинде өчүрүлгөн. Кырсык боюнча иликтөө иши жүрүп жатканы кабарланды.

Дагы караңыз: Бишкектеги өрттөн эки адам ооруканага түштү

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG