Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Бишкек-Анталия каттамындагы учак сегиз сааттан ашык кечигүүдө


«Манас» эл аралык аэропорту.
«Манас» эл аралык аэропорту.

«Манас» эл аралык аэропортунан уча турган Бишкек-Анталия каттамындагы учак техникалык себептерден улам сегиз сааттан бери кармалып турат.

Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, «Avia Traffic» компаниясына таандык учак бүгүн 6:05те Анталияга учушу керек болчу.

Бирок учакта техникалык маселелер келип чыгып, учурда оңдоо иштери жүрүп жатат. Азыркы тапта бардык жүргүнчүлөр күтүү залында. Аэропорттун администрациясы аларга тамак-аш жана суусундук берилип жатканын кабарлады.

Буга социалдык тармактарда учактын кечигип жатканына байланыштуу айрым жүргүнчүлөр нааразы болуп жазып чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG