Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишинин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Бишкектин Биринчи май райондук соту 25-августта ушундай чечим чыгарганын күч органдары кабарлашты.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы мыйзамсыз иштерге байланыштуу суракка чакырылганын айткан эле.
Пайзылда уулу Дамирбек - министрликтин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Айрым расмий эмес маалыматтарга караганда, ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы болгон. 23-августта анын колуна «Кылмыштын катышуучуларынын түрлөрү» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер боюнча шектүү экени тууралуу маалымдама тапшырылган.
Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.