Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

ИИМ: Асанов менен Матраимов куда-сөөк экени чын


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Ички иштер министрлиги министрдин орун басары болуп жакында дайындалган Памирбек Асанов менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун туугандык байланышы боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Мекеменин басма сөз кызматы Асанов менен экс-бажычынын эжеси Фарида Матраимованын «куда-сөөк болуп калышканынан саясат жасоонун кажети жок» экенин белгилеген.

«Балдар баш кошуп жатышкан соң карым-катыш деген болот, мурда балдар бири-бирин таап баш кошконго чейин куда-сөөктөр бирин-бири таанышкан эмес. Экинчиден алардын куда-сөөк болгонуна бир топ жыл болгон. Эми бул маселени атайылап П. Асанов министрдин орун басары болуп иштеген кезде көтөрүп жатышат. Мурда ал маселе айтылган эмес», - деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында.

Памирбек Асанов Кой-Таш окуясынан кийин «милициянын кызыкчылыгын сатты» деген негизде кызматтан алынган ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ордуна келген. Маалымат чыгары менен социалдык тармактардын колдонуучулары Памирбек Асанов Матраимовдун тууганы экенин жазышкан.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2017-жылы иштен бошотулган. Бирок кийин бул үчүн өкмөттү сотко берип, утуп алган. Кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экс-премьер-министр Сапар Исаковдун кызматтан кетишин Матраимовго байланыштырып, «Сапарды «Раим-миллионду» иштен алып, бажыны Жээнбековдук-Матраимовдук уурулардан тазалай баштаганы үчүн камады» деп билдирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимовго байланыштуу компаниялардан 24 млн. сомдой салык өндүрүлгөнүн кабарлаган.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерин айтып, Финансы полициясына тапшырма берген. Бирок андан бери текшерүү аягына чыкпай жатканы коомчулукта нааразы пикирлерди жаратып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG