25-августта парламент депутаттары Рыскелди Момбеков, Жанарбек Акаев, Алтынбек Жунус уулу Нарындын Эмгекчил айылында, Солтон-Сары кени боюнча жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ал жолугушууга Солтон-Сары кенине тиешеси бар төрт-беш айылдын өкүлдөрү келишкен. Депутат Жанарбек Акаев жергиликтүү тургундар бийликке бир нече талабын айтканын билдирди:
- Ошол жердеги активисттерге болгон куугунтуктоону, лицензия кайра каралышы керек экенин, жергиликтүү эл менен маселени ачык талкуулоону өкмөттөн талап кылышты.
Эл өкүлү айтылган талаптар боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлөрүн кошумчалады.
Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенин иштетүү укугу кыргыз-кытай «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген. Бирок келишпестиктердин айынан жергиликтүү элдин нааразылыгы күч алып, ортодо чыккан чыр-чатактан улам кен иштеткен компаниянын иши токтотулган. Буга байланыштуу Кытай элчилиги ошол учурда ыкчам аракет кылып, расмий Бишкекке чырды акыйкат иликтөө боюнча кайрылган. (TSh)