Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:43

Текебаев менен Чотоновдун соту алардын бөгөт чарасын аныктоо менен башталат


Текебаев менен Чотоновду колдогон акциялардын бири.

Саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин сотто кайра кароо алардын бөгөт чарасын аныктоо менен башталат.

Отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 29-август, саат 14:00гө белгиленген. Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, жактоочулар соттон саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн.

Саясатчылардын иши кайра караларын Биринчи май райондук соту да ырастады.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Ата Мекен» партиясынын абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден ​пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (26)

XS
SM
MD
LG