Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:41

Жалал-Абаддын мэринин агасы өз каалоосу менен иштен кетти


Жалал-Абад шаарынын мэринин буйругу.

Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин бир жума мурун жетекчилик кызматка дайындалган агасы Абдималик Тагаев 28-августта өз каалоосу менен иштен кетти. Бул тууралуу мэриянын кызматкерлери билдирип, аны кызматтан бошотуу жөнүндө мэрдин буйругунун нускасын жиберишти. Маалыматтарга караганда, Абдималик Тагаев жумуштан бошотууну инисинен өзү суранган.

Ал мэрияга караштуу Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башчылыгына 21-августта дайындалганын «Азаттык» жазып чыккан.

Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы ички маршруттук каттамдарды көзөмөлдөйт. 52 жаштагы Абдумалик Тагаев буга чейин шаар мэриясына караштуу соода департаментинин башчысы, андан кийин «Жалал-Абад-Тазалык» ишканасында жооптуу адис болуп иштеп турган.

Тагаевдердин дагы башка бир тууганы Абибилла Тагаев «Газпром-Кыргызстан» компаниясы куруп берген шаардагы ден соолукту чыңдоочу жайга жетекчилик кылат.

Мэр бир тууганын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдын 44-беренесине («Шаар мэринин ыйгарым укуктары») ылайык дайындаган. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG