Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Турсунбек Акун Кой-Таш окуясын иликтөөчү комиссиядан чыкты


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын курамынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өз каалоосу менен чыкты. Мындай чечимге ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште өзүнүн аты аталып жатканы менен байланыштырды.

Анын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда бүгүн, 3-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн комиссия биринчи жыйынга чогулду. Комиссиядан чыгуу тууралуу чечимин ал ошондо жарыялаган.

- Эгерде мен комиссиянын ишине катыша турган болсом аягына чейин калыс, объективдүү иштеп бермекмин. Бирок атым көп жылдан бери Батукаевдин ишине байланыштуу айтылып жүрөт. Андан тышкары тергөөдө мен күбө катары өтүп атам. Иш сотко өтө элек. Андан тышкары «Батукаевдин ишинде Атамбаев күнөөлүү» деп биринчи мен айтып чыккам. Ал болсо мени айыптап жүрөт. Бул иш сотко өтүп, сот чечим чыгармайынча мен комиссиянын ишине аралашсам туура эмес болуп калат. Үчүнчүдөн, комиссия ишин баштай электе эле массалык маалымат каражаттарында, анын ичинде «Азаттыкта» «комиссиянын иши күмөн жаратты» деген тема менен макала чыгып жатат. Мен комиссиянин ишине күмөн жаралышын каалабайм, - деди Турсунбек Акун.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты кирген.

Андан тышкары Коопсуздук кеңешинин, бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Ошондой эле «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана эксперт Алишер Мамасалиев мүчө болгон.

Айрымдар Батукаевдин ишине байланыштуу Турсунбек Акундун аты аталып жатканын, комиссияга анын кириши туура эмес болгонун айтып чыгышкан. Ал эми Акун өзү комиссияга мүчө болуу жөнүндө сунуш өкмөттөн түшкөнүн айткан.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG