Бишкек шаардык соту «Ачык саясат плюс» гезитин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечимин күчүндө калтырды.
Шаардык сот мындай чечимди бүгүн, 5-сентябрда чыгарганын гезиттин башкы редактору Назгүл Мамытова кабарлады. Ал эми Жогорку сотко арызданганы жатат.
Рыспаев басылманын 2018-жылы августта «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы боюнча «ар-намысыма шек келтирди» деп ушул жылдын февраль айында Октябрь райондук сотуна кайрылган. Ал материалда депутаттын позициясы тууралуу сөз болгон.
Райондук сот 24-майда депутаттын доосун канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Гезит 2011-жылдан бери чыгып келет.
Кыргызстанда саясатчылар массалык маалымат каражаттары менен соттошкон учурлар көп. (BTo)