Кыргызстандын Улуттук банкы «Чанг Ан» инвестициялык банкын кайра түзүү боюнча мекеменин акционерлеринин чечимин карап, аны банктардын катарынан чыгарды. Башка чечим менен компанияга «Чанг Ан» чакан насыя компаниясы» деген күбөлүк берилди.
Коммерциялык мекеменин акционерлери банктын макамын өзгөртүү тууралуу чечимди 13-июнда кабыл алышкан. Жыйында алар компаниянын жобосун жаңылоо менен директорлор кеңешинин курамын алмаштырышкан. Натыйжада алар өзүнүн юридикалык макамын өзгөртүү жөнүндө Улуттук банкка өтүнүч жиберишкен.
Чакан насыя компаниясы болуу себебин банк ачык айтпаганы менен адистер анын уставдык капиталы азайып кеткен болушу мүмкүн деп түшүндүрүүдө.
Улуттук банк былтыр банктардын капиталы минимум 600 миллион сом болушу керек деген эреже киргизген. Ушундан улам башка коммерциялык банктарда да коркунуч бар экени кабарланууда.
«Чанг Анды» кошкондо Кыргызстанда жалпы 25 коммерциялык банк бар болчу. Чакан насыя уюмдарынын саны 142, анын алтоо ири компания болуп саналчу. (ErN)