Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Аманбай Кайыпов жаңы кызматка дайындалды


Аманбай Кайыпов.

Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы өкүлү Аманбай Кайыпов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган кызматта иштеген Жыргалбек Сагынбаев берген арызына ылайык бошотулган.

6-сентябрда Аманбай Кайыпов Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан алынган эле. Анын ордуна Эмилбек Алымкулов келген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (42)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG