Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Ирина Карамушкина: менин ишим «өзгөчө оор кылмыш» катары каралууда


Ирина Карамушкина
Ирина Карамушкина

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина анын иши «өзгөчө оор кылмыш» катары каралып жатканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Буга байланыштуу ал депутаттык кол тийбестигинен ажыратылып жатканын да билдирип, Башкы прокуратуранын аракеттерин сындаган. Карамушкина өзү Жогорку Кеңештин депутаты экенин, мыйзам боюнча анын кол тийбестигин алуу парламенттин макулдугу менен болушу керектигин белгилеген.

Ирина Карамушкина - 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Депутат 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.

Мыйзам боюнча эгер Жогорку Кеңештин депутаты оор кылмыштарга айыпталса, Башкы прокуратура парламенттин макулдугун албастан эле тергөө амалдарын жүргүзө алат.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «Альфанын» бир канча жоокери «барымтага алынып», бир офицери каза тапкан жана жалпысынан 136 адам жаракат алган. Башкы прокуратура камакка алынган Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жатканын билдирген.

22-августта Биринчи май райондук соту Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына чыгарган. Башкы прокуратура депутат Кой-Таш айылындагы окуяларга байланыштуу Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган.

Депутат өзү атайын кызматтын өкүлдөрүн «20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун» себебин «сыртка чыгарганда аларды башкалар токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG