Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Абылгазиев: ИИМ карасанатай кызматкерлерден тазаланышы керек


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, Ички иштер министрлигине (ИИМ) карасанатай кызматкерлерден тазаланууну тапшырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, өкмөт башчы жарандардын сын-пикирлерине кабылган акыркы окуялар боюнча тынчсыздануусун билдирди.

- Милицияны реформалоо пландары көп жылдардан бери ишке ашпай келет. Кадыр-баркынын төмөндүгү жана укук коргоо органдарын башкаруудагы белгилүү бир кризис Ички иштер министрлигинин жетекчилигине милицияны реформалоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүүгө дем бериши керек. Бүгүн коом да, мамлекет да милициянын жүрөк өйүткөн маселелерин токтоосуз чечүү зарылдыгы тууралуу бирдиктүү пикирде турат - деди Абылгазиев.

Абылгазиев көчөлөрдө орнотулган видеобайкоо камералары милициянын катарындагы карасанатай жана кесипкөй эмес, кылмыштарды жаап-жашырган айрым адистерди ачыкка чыгарып жатканын белгилеген.

Ошондой эле Ички иштер министрлиги тез арада уюштуруу жана кадрдык жаңы өзгөртүүлөрдү кабыл алып, милициянын беделин түшүргөн, мамлекеттин бардык күч-аракетин текке кетирген карасанатай кызматкерлерден тазаланышы керектигин айтты.

Жакында эле Бишкекте эки кишини катуу сабаган зөөкүрлөрдү жашырды деп шек саналып, Ички иштер министрлигинин эки кызматкери кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 8-сентябрдын кечинде үй камагына чыгарды. (BTo)

XS
SM
MD
LG