Кыргызстанга Жапониянын жараны Матсуда Шинжи президент Сооронбай Жээнбековго үчүнчү ирет кайрылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» жапон жаранынын мыйзамдуу өкүлү Жамиля Казиева билдирди. Анын айтымында, Матсуда кайрымдуулукка берген каражатты алдамчылык менен өз кызыкчылыгына колдонду деген Элнура Эмилкановага карата Биринчи май райондук соту өтө жумшак чечим чыгарган.
Аталган райондук соттун судьясы Айбек Эрнис уулу быйыл январь айында Эмилканованы беш жылга шарттуу түрдө кесип, 6 миллион 724 миң сом айып пул төлөөгө милдеттирген. Жапон жараны мындай чечимге макул болбой, президенттен ишти көзөмөлгө алууну суранууда.
- Эмилкановага карата «Алдамчылык» беренеси боюнча айып коюлган. Бул өтө оор кылмыш болуп эсептелет жана реалдуу жаза мөөнөтү каралышы керек болчу, - деди Матсуданын мыйзамдуу өкүлү Жамиля Казиева.
Жапониялык жаран райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Алгачкы отурум 11-сентябрда болот.
Жапониянын Кыргызстандагы JICA уюмунун ыктыярчысы болуп иштеп келген Матсуда Шинжи «Кыял» кайрымдуулук фонду аркылуу көзү азиздерге жардам көрсөтүп келгенин, бирок аны «Empower Blind People» деген коомдук бирикменин жетекчиси Элнура Эмилканова алдап кеткенин айтып, 2017-жылы мартта сотко кайрылган.
Кайрылууда «Инклюзивдүү окутуу» коомдук фондунун директору Элнура Эмилканова Матсуда менен таанышып, ишенимине кирген соң, азиздер үчүн окуу борборун уюштуруу максатында квартира сатып алуу шылтоосу менен 2015-жылдын 8-июнунда 83 010 (сексен үч миң он) АКШ долларын алганы, бул акчага Бишкек шаарындагы Панфилов көчөсүнөн батир сатып алып, аны өзүнүн атына каттатып, жабыркаган тараптын көзүн будамайлаганы айтылган.
Мындан тышкары, Эмилканова батирди оңдоого, керектүү жабдууларга деген негиз менен 3010 (үч миң он) АКШ долларын да алган. Мындан соң Матсуда «соттор калыс чечим чыгарбай жатат» деп Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, жардам сураган. Бул кайрылууну Коопсуздук кеңеши текшерип, жапон жаранынын жүйөсү мыйзамдуу экенин билдирген. Элнура Эмилканова жапониялыктын арызы тууралуу комментарий бербей келет. (BkA)