Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Жогорку Кеңеште берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда авариялык абалдагы 19 мектеп бар. Ал айрым мектептердин долбоордук-сметалык документациясы даяр экенин, кээ бирлерин куруу маселеси чечилгенин айтты:
- Сауд фондунан бөлүнгөн акчага бир мектеп курулат. Ушуга окшогон иштер болуп атат. Өкмөт эки жылдын ичинде авариялык мектептердин маселесин чечүү максатын коюп атат.
Нарын районунун Кеңеш айылында Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз болгондуктан окуучулардын бир бөлүгү контейнерлерде окуп жатканы коомчулуктун катуу сынына кабылган.
Ушул окуядан кийин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. Азыр Жогорку Кеңеште билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып жатат.
9-сентябрда өкмөт контейнер мектепте окуп жаткан окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөрүнө жана жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектеп куруларына убада берген. (BTo)