Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:02

Төрт бала мерт болгон жол кырсыгында жаракат алган кыз эсине келе элек


Иллюстрациялык сүрөт.

9-сентябрда, Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинде төрт адамдын өмүрүн алган автокырсыкта оор жаракат алган 19 жаштагы кыздын абалы дагы эле оор. Бул тууралуу Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

- Абалы оор. Учурда комада жатат. Жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алдырып жатабыз. Анын көк боору айрылып кеткен, - деди Кубатбеков​.

9-сентябрда «Шкода Октавия» жеңил машинесинин айдоочусу Айтматов проспектиси менен түндүктү көздөй кетип баратып, карама-каршы тилкеде келе жаткан №8 автобус менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил машинедеги 17 жаштагы төрт бала мүрт кетип, алар менен бирге бараткан кыз оор жаракат алган. Автоунаалар кагылышкан бул кырсыктан баш-аягы жети киши жабыркаган.

Жол кырсыгы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Автомототранспорт каражаттарынын кыймылын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен катталган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG