Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 12-сентябрда акыйкатчы Токон Мамытов Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган мурдагы президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязов жана дагы үч киши менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу Мамытов «Азаттыкка» өзү маалымдады. Алар абактын тамак-ашына жана кармоо шартына арызданышкан эмес.
- Фарид Ниязов жана башкаларга жолуктум. Шарты боюнча арызданышкан жок. Бирок, «мен курал кармаган эмесмин, эч кимди сабаган жокмун, ак жеримден отурам» деп жатышат. Бирок азыр жыйынтык чыгарыш эртелик кылат, - деди Мамытов.
Акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы институтунун карамагында түзүлгөн комиссия Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында жабыр тарткан жергиликтүү тургундарды кабыл алып, окуя тууралуу маалыматтын укту.
7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.
Толугураак: Кой-Таш окуясы жашыруун иликтенет