13-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда өтүп жаткан мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурумда мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев күбө катары көрсөтмө берди.
Ал да Калыс-Ордо конушунда курулган мектепке байланыштуу көрсөтмө берип, өзү өкмөт башына 2014-жылы келгенин, ага чейин билим берүү жана мектептердин курулушу менен алектенбегенин, ошондуктан объект боюнча кандай чечим кабыл алынганын билбей турганын айтты.
Жоомарт Оторбаев ошондой эле анын учурундагы өкмөттүн токтому мектепти долбоорлоо процесси эксперименталдык деп мерчемдегенин, ага эч кимден басым болбогонун кошумчалады.
Мунун алдында күбө катары экс-премьер-министр Темир Сариев көрсөтмө берип, жаңы конуштарда жагдай оор болгонун, мектеп туура курулганын жана каражат максаттуу пайдаланылганын билдирген.
Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.
Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.
Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтышууда. Акыркы жолу Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын караган учурда алардын абактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узарткан.
Экс-мэрлердин иштерин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Адвокаттардын ишти өз-өзүнчө бөлүп кароо тууралуу бир нече өтүнүчү канааттандырылган эмес. Жалпысынан бул соттук жараянда 13 адамдын жоопкерчилиги каралып жатат. Иш боюнча мурдагы отурум 11-сентябрда болгон. (ErN)