Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Иракта кыргызстандык 78 бала бар экени такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иракта согуш тутанган аймактардагы лагерлерде кыргызстандык 78 бала бар экени такталды. Алардын апалары түрмөдө отурат.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Азаттык" радиосуна билдирди. Аталары жөнүндө маалымат айткан жок.

Кыргыз өкмөтү балдарды мекенине кайра алып келип, медициналык-психологиялык реаблитациядан өткөрүүгө камынып жатат:

"Ар бир баланын тууганы табылды, "аларды кабыл алабыз деген макулдугу" алынды. Экинчи маселе - ар бир балага Ирак мамлекетине 400 АКШ долларынын тегерегинде айыппул төлөш керек экен. Бул акчаны премьер-министр жеке резервинен бөлүп берди".

Разаков Иракка 17 кишиден турган жумушчу топ жөнөтүлөрүн кошумчалап, алар мамлекттик органдардын кызматкерлери экенин айтты. Ирактан балдарды алып келүүгө учактын чыгымын эл аралык уюмдар көтөрүүдө. Бишкек уюштуруу иштерин бүтүрдү, Ирак балдарды мекенге кайтарууну октябрда баштоону сунуш кылган.

Сириядан дагы аялдарды, балдарды алып келүү ишин уюштуруу жүрүп жатат. Бирок Разаков маселе Иракка караганда оор экенин айтып, Сириянын расмий өкүлдөрү согуш тутанган аймактардагы лагерлерге бара албай жатканы менен түшүндүрдү.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганы, 200гө чамалуусу каза болгону расмий кабарланган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.(SE/BuS)

XS
SM
MD
LG