Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:13

Адвокат Икрамидин Айткуловдун иши сотко өттү


Икрамидин Айткулов.
Икрамидин Айткулов.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы адвокат Икрамидин Айткуловго карата «Алдамчылык» беренеси менен козголгон кылмыш ишин тергеп бүтүп, ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүп берди. Бул тууралуу «Азаттыкка» шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага байланыштуу «Алдамчылык» беренеси менен дагы бир иш боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Айткулов 22-августта Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камалган. Ага каршы жергиликтүү тургун 2018-жылдын сентябрында арыз жазып, «беш жарым миң долларга алдап кетти» деп айыптаган. Адвокаттын 32 жаштагы уулу Азамат Айткулов да алдамчылык боюнча шек саналып жатканы жөнүндө расмий кабар таратылган.

24-августта Бишкектин Свердлов райондук соту Икрамидин Айткуловду 21-октябрга чейин үй камагына чыгарган. Айткулов ага карата иш козголгонун ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жактай баштаганы менен байланыштырып, ага коюлуп жаткан айып негизсиз экенин билдирип келет.

Икрамидин Айткулов - «милициянын кызыкчылыгын саткан» деген негиз менен ИИМде иштеген кызматынан бошотулган Курсан Асановдун адвокаты. Асанов 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин иштен алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG