Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

«Талибандын» чабуулдан кийинки сүйлөшүү ниети


Парван провинциясындагы жардыруу болгон жер.
Парван провинциясындагы жардыруу болгон жер.

Ооганстанда 17-сентябрда эки аймакта болгон жардырууда өлгөндөрдүн саны 48 кишиге жетти. Бул Ооганстанда 10 күндөн кийин өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы жана АКШ менен "Талибандын" тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурагандан берки эң кандуу чабуул болуп калды.

Ал арада талибдер АКШ менен жаңы тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого даярдыгын билдирүүдө.

«Талибан» кыймылынын лидерлеринин бири Шер Мухаммад Аббас Станикзай АКШ менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоого «эшик ачык» экенин айтты. Анын бул билдирүүсү талибдер Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алган кош жардыруу уюштургандан бир канча саат өткөндөн кийин жасалды.

Кабулдун тургуну, студент Мухаммад Хайдар шайлоонун алдында Ооганстанда курмандыктар көп болуп кетеби деп кооптонорун айтты:

«Бул шайлоодо зордук-зомбулук көп болот. Анткени талибдер өкмөткө чабуул коюп, америкалык тарапты сүйлөшүүгө кайтып келүүгө көндүртүүнү каалайт. Бизде дагы көп зордук-зомбулук болушу мүмкүн».

9-сентябрда президент Дональд Трамп Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы сүйлөшүү токтотулганын жарыялап, башкы чабарманы Залмай Халилзадды артка чакыртып алган. Буга 2-сентябрда согушкерлердин Кабулда 12 кишинин, анын ичинде америкалык жоокердин өмүрүн алган жардыруу уюштурушу себеп болгон. «Талибан» кыймылы каршы болуп келе жаткандыктан, бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ооган өкмөтү кошулган эмес.

«Талибандын» АКШнын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн тобунун башчысы Шер Мухаммад Аббас Станикзай 17-сентябрда Би-Би-Сиге берген маегинде бир жылга созулган тынчтык сүйлөшүүлөрү учурунда жаман деле нерсе жасашпаганын, болгону алар мурдагыдай эле күрөшүн улантып келишкенин билдирди. Ошондой эле ал жолугушууларда америкалыктар да талибдерди өлтүрүшкөнүн моюнга алды деди.

«Биз тараптан сүйлөшүүлөр үчүн эшик ачык», - деди ал.

Ал арада талибдер билим берүү кызматкерлерине, анын ичинде мугалимдерге жана студенттерге шайлоо өнөктүгүнө катышпоону эскертти. Болбосо шайлоо бекеттерине жасалган чабуулдун курмандыгы боло турганын айтып опузалады.

«Өз мектебиңерди, мекемеңерди шайлоо борбору катары уюштурууга жол бербегиле. Ал эми мугалимдер шайлоо комиссиясынын кызматкери катары иштебеши керек», деп айтылат «Талибан» кыймылынын 18-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Кандуу кош жардыруу

17-сентябрда Ооганстандын Парван провинциясында президент Ашраф Гани шайлоочулар менен жолугуп жаткан маалда жанкечти бомба жардырып, андан кеминде 26 киши курман болду. Жергиликтүү ооруканадан билдиргендей, бул чабуулдан дагы 30дан ашуун адам жаракат алды. Алардын арасында аялдар менен балдар да бар.

«Эл полициянын имаратына кирип жаткан учурда картаң киши мотоцикл менен келип, өзүн жардырып жиберди. Мындан адамдар курман болду. Анын сөөгү да жерде жатат», - деди Парван провинциясынын полиция башчысы Мухаммад Махфуз.

Кабулдагы жардыруу АКШ элчилигине жакын жерде болду. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Кабулдагы жардыруу АКШ элчилигине жакын жерде болду. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Биринчи кандуу окуядан көп өтпөй эле борбор шаар Кабулда дагы бир жанкечтинин жардыруусунан 22 адам көз жумуп, 38 киши жарадар болду. Бул Кошмо Штаттар менен талибдердин ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсү үлгүлтүккө учурагандан берки эң кандуу чабуул болуп калды. Эки кол салууга тең жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы алды.

АКШ кол салууну айыптады

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алып, ондогон кишини жарадар кылган эки кол салууну айыптады.

Вашингтон тараткан билдирүүдө: «Ушундай чабуулдар аркылуу «Талибан» ооган элине жана мамлекеттик мекемелерге үрөй учурган кара санатайлыгын көрсөтүп жатат. Оогандыктар чындап бейпилдикте жашашы үчүн талибдер жарандарга жана өлкө келечегине опол тоодой зыянын тийгизген зордук-зомбулугун тыйып, бейпилдикти каалай турганын далилдеши керек»,- деп айтылат.

Помпео эгер сүйлөшүүлөр жандана турган болсо, «Талибан» ага абдан ынтызар экендигин билдириши керек экенин да кошумчалады.

Ооганстанда 28-сентябрда президенттик шайлоо өтөт. Ага азыркы президент Ашраф Гани да ат салышып жатат жана андан башка дагы 17 талапкер бар.

Ооганстанда шайлоо 28-сентябрда өтөт.
Ооганстанда шайлоо 28-сентябрда өтөт.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө Кошмо Штаттар талибдер менен шайлоого чейин тынчтык макулдашуусуна кол коюуга ниеттенип жатканын билдирип келген.

Ага ылайык, АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетиши керек эле. Ал эми «Талибан» Ооганстан башка террордук топтордун жайына айланбай турганына кепилдик берүүгө тийиш болчу.

«Талибан» кыймылы Ооганстандын бийлигин «мыйзамсыз» жана «Батыштын кол баласы» деп атап, алар менен тикелей жолугушуудан баш тартып келе жатат.

Ал арада 16-сентябрда талибдердин төрт кишиден турган делегациясы Ирандын жогорку кызмат адамдары менен Тегеранда сүйлөшүү жүргүздү. Бул алардын Дональд Трамптын талибдер менен тынчтык сүйлөшүүсүн жүргүзүү токтотулганын айткандан берки чет өлкөдөгү экинчи сапары.

«Талибан» кыймылынын Катардагы саясий кеңсесинин өкүлү Сухейл Шахиндин 17-сентябрда «Твиттерге» жазганына караганда, Абдулло Салам Ханафи баштаган адамдар Иранда Тышкы иштер министрлигиндеги жогорку кызмат адамдары менен жолуккан.

Буга чейин «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү 13-сентябрда Москвага да барып кетишкен. Алар Орусиянын Ооганстан боюнча өкүлү Замир Кабулов менен кездешкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG