Линктер

ишемби, 19-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 02:56

Парламент чек ара маселесин жабык талкуулап жатат


Баткен.

Жогорку Кеңеш Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал, андан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөр боюнча өкмөттүн маалыматын жабык талкууламай болду. Төрөганын мындай сунушун депутаттардын көпчүлүгү колдоду.

Парламентке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарда тажик жарандары курулуш иштерин токтотконун жарыялады. Эки тарап сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен кандай макулдашууга жетишкени расмий айтыла элек. Эки тараптын 18-сентябрдагы сүйлөшүүсү кечке чейин уланды.

Буга чейин Тажикстандын «Азия плюс» маалымат агенттиги сүйлөшүүдө Кыргызстандагы байкоо салган мунараны алуу, тажик тараптын курулуш иштерин токтотуу боюнча макулдашылганын жазган. Мындан сырткары 18 саат ичинде эки тарап кошумча күчтөрдү жана аскер техникасын тышка алып чыгуу боюнча макулдашканы белгиленген.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган.

Ал эми Тажикстан тарап кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлады.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылык билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG