Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Ооганстандагы жардыруудан эки карапайым тургун набыт болду


Забул провинциясында болгон жардырууда жабыркагандарды алып бараткандар. 19-сентябрь, 2019-жыл.
Забул провинциясында болгон жардырууда жабыркагандарды алып бараткандар. 19-сентябрь, 2019-жыл.

Ооганстандын түштүгүндө жол боюнда болгон жардыруудан эки карапайым тургун мерт болгонун 21-сентябрда бийлик билдирди.

Кандагар провинциясында жума күнү кечинде болгон кандуу окуядан дагы беш киши жарадар болгону кабарланды. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти азырынча эч ким өз мойнуна албаганы менен “Талибан” кыймылы бул чөлкөмдө активдүү экенин маалым.

Ошол эле күнү баш калаа Кабулда эки жардыруу болгонун полиция билдирди. Талибдер жоопкерчилик алган жардырууларда эч ким жабыркаган эмес.

Ушул айдын соңунда Ооганстанда өтө турган президенттик шайлоону утурлай, Кошмо Штаттар менен талибдер ортосунда бир нече айдан бери уланып жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрү ишке ашпай калгандан бери өлкөдө кандуу чабуулдар күч алды.

XS
SM
MD
LG