Иран Перс булуңундагы коопсуздукту «чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдүн жардамы менен» камсыз кылууну көздөгөн планын жакын арада Бириккен Улуттар Уюмуна сунуш кылат. Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 22-сентябрда Тегерандагы аскердик парадда билдирди. Бул парад - туура 39 жыл мурда башталып, 8 жылга созулган Иран-Ирак согушун (1980-88-жылдар) эскерүүгө арналган бир жумалык иш-чаралардын бир бөлүгү.
Жүздөгөн аскерлердин алдында сөз сүйлөгөн Роухани чет өлкөлүк күчтөр Перс булуңундагы коопсуздукка шек келтирип жатканын айтып, аларды аймактан «оолак болууга» чакырды.
Өткөн аптада Сауд Арабиясынын эки мунай заводуна дрондон сокку урулгандан бери Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөй түштү. Вашингтон менен Эр-Рияд Саудиянын мунай өндүрүшүн азайып кетишине жол ачкан бул чабуул үчүн Иранды айыптап жатышат. АКШ президенти Дональд Трамп Саудия менен Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык күчтөрдүн санын көбөйтүүгө уруксат бергенин 20-сентябрда билдирген.
Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары Саудиянын заводдоруна коюлган чабуул боюнча жоопкерчиликти мойнуна алышкан. Тегеран бул окуяга аралашпаганын белгилеп жатат.