Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:30

Саудия заводдоруна коюлган чабуул боюнча Иранга эскертүү берди


Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр.

Саудиянын мунай заводдорун бутага алган "ракеталар менен дрондор" Ирандан учурулганы аныкталса, анда бул аракет "согуштук акт" деп саналат. Бул тууралуу Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр CNN телеканалынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Биз Сауд Арабиясына атылган ракеталар менен дрондор үчүн Иран жоопкерчиликтүү деп эсептейбиз. Аларды Иран жасап чыккан жана ирандыктар жеткирип берген. Бирок эгер чабуул силердин өлкөңөрдөн уюштурулган болсо, анда окуя башка категорияга кирип калат. Ал согуштук акт деп саналат", - деди министр ал-Жубейр.

Бирок Саудиянын башкы дипломаты кырдаалды тынч жол менен жөнгө салуу аракети көрүлүп жатканын да кошумчалады.

14-сентябрда Абкаис жана Хураис заводдоруна урулган сокку үчүн жоопкерчиликти Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары мойнуна алышкан. Тегеран бул окуяга аралашпаганын белгилеп жатат.

20-сентябрда АКШ президенти Дональд Трамп Саудия менен Бириккен Араб Эмираттарындагы америкалык күчтөрдүн санын көбөйтүүгө уруксат бергенин билдирген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG