Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Арашандыктар Аскер прокуратурасын айыпташты


Арашан айылынын тургундары. 23-сентябрь, 2019-жыл.
Арашан айылынын тургундары. 23-сентябрь, 2019-жыл.

Арашан айылынын он чакты тургуну бүгүн, 23-сентябрда айыл өкмөтүнүн алдына чогулуп, Аскер прокуратурасы 22-сентябрь дем алыш күнү болгонуна карабай аларды бир нече саат суракка алганын айтып, нааразылыгын билдиришти. Суракка алынгандардын бири Айнагүл Сарманбетова алардан буга чейин Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн жамааттык кайрылуу боюнча маалымат талап кылынганын айтты:

- КСДПнын мүчөлөрү, Кой-Таш менен Арашан айылдарынын тургундары чогулуп «күч органдары биринчи бизге чабуул кылып жатса биз да кайрылышыбыз керек» деп кайрылуу кылганбыз. Аларга да чара көрүшсүн. Биз мыйзамга каршы эч нерсе кылган жокпуз.

Арашан айлынын тургундарынын айтымында, суракта кайрылууга кимдер кол койгонун тактап, тизмени ким түзгөнүн сурашкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары муну аларга карата басым катары баалап жатышат. Бул боюнча Башкы прокуратура азырынча жооп бере элек.

9-сентябрда КСДПнын мүчөлөрү 1700 киши башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылышканын билдиришкен. Алар УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, «Альфа» атайын түзүмүнүн жетекчилерин, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиевди жоопко тартып, президент Сооронбай Жээнбековго «мамлекеттик кылмыш кылды» деген айып коюуну талап кылышкан.

Башкы көзөмөл органы 11-сентябрда Кой-Таш айылынын тургундарынын жамааттык кайрылуусу Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөнүн, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында юридикалык баа берилерин билдирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG