Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:41

Атамбаевдин жан сакчысы кармалды


Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев кызмат учурунда.
Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев кызмат учурунда.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев эки суткага камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык тармактар аркылуу кабар таратып, Сагымбаевдин колуна кишен салынып, автоматчан күч кызматкерлеринин курчоосунда турган сүрөт, видеосун жарыялашты.

Окуя түнгө жакын болгондуктан азырынча расмий органдардан комментарий алуу мүмкүн боло элек.

Жолдубаеванын айтымында, ага чейин Сагымбаев Аскер прокуратурасында бир нече саат суракта болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Канат Сагымбаев Атамбаевдин жеке жан сакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат анын жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу боюнча көрсөтмөнү аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Офицердин тарапкерлери бул айыптоолор негизсиз жана мыйзамга каршы келерин айтып жатышат.

Буга чейин Атамбаевдин тушунда 9-башкармалыкты жетектеп турган Дамир Мусакеев да кармалган. (RK)

XS
SM
MD
LG