Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

«Үмүт 2020» «Азаттыктын» операторуна кол салууну айыптады


Айбек Кулчуманов.
Айбек Кулчуманов.

«Үмүт 2020» кыймылы 28-сентябрда «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановду уруп, колундагы болгон техникасын карактап кеткен окуяны кескин сындады. Бул тууралуу билдирүүнү кыймыл «Фесбуктагы» баракчасында жарыялады.

«Журналисттерге кол салуу өлкөдөгү сөз эркиндигине кол салуу болуп эсептелет жана мамлекетибиздин демократиялык өнүгүшүнө коркунуч келтирет. Биз укук коргоо органдарынан кол салуучуларга карата тез арада чара көрүүнү талап кылабыз. Мамлекеттик бийлик Ошто болгон окуя боюнча өз позициясын билдириши зарыл жана журналисттерди коргоого алууга милдеттүү», - деп айтылат анда.

Ишембиде Ош шаарында Кулчуманов берүү тартып жүргөндө күтүүсүздөн пайда болгон жигиттер журналисттин артынан келип сокку уруп, колундагы техникасын, документтерин жана ал түшүп жүргөн автоунаанын ачкычын тартып алышкан. Андан соң опузалап, «Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким тапшырма берди?» деп суракка алышкан. Мындан кийин автоунааларына отуруп белгисиз жакка кетип калышкан.

«Азаттыктын» журналистинин арызынын негизинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизинде кылмыш ишин козгоду.

28-сентябрда кечки сегиздер чамасында тартып алынган техниканы үч жигит жактоочусу менен кошо милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттыкка» билдиргени боюнча, журналисттин видео тартчу техникасын тартып алган экинчи тарап да арыз жазды. Азырынча алардын аты-жөнү айтылган жок.

Ош облустук ооруканасынын дарыгерлери 28-сентябрда Ош шаарында белгисиз адамдардын кол салуусуна кабылган «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун ден соолугун текшерип жатышат.

«Үмүт 2020» - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова негиздеген кыймыл. Ал буга чейин бийликтеги, анын ичинде бажыдагы коррупция боюнча билдирүүлөрдү таратып, коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге бурууга аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG