2-октябрда Түндүк Корея кайрадан ракета атып, өз дымагын көрсөттү. Расмий Токио Түндүк Кореянын чыгыш тарабынан учурулган бул ракета Жапониянын деңиздеги экономикалык аймагына түшкөнүн билдирди.
Жапон бийлиги Пхеньян баш-аягы эки ракета учурганын белгилеп, мындай кадам Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына каршы келерин эскертти.
Түштүк Кореянын армиясы «Түндүк Корея бир ракетасын суу алдында жүрүүчү кемесинен учурган болушу мүмкүн» деп маалымдады. Расмий Сеулдун маалыматы боюнча, бул ракета 910 чакырымдык бийиктикке чейин көтөрүлүп, баш-аягы 450 чакырымдай аралыкты учуп өткөн. Андыктан адистер Пхеньян баллистикалык ракета учурганын айтып жатышат.
Түндүк Корея өз лидери Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамптын июнь айындагы жолугушуусунан бери тогуз жолу ракетасын сынады. Эки тарап бул кездешүүдө Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашкан болчу.