Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Түндүк Корея кайрадан эки ракетасын сынады


Ракеталар Пхеньян өзүнүн өзөктүк программасы боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо тууралуу билдиргенден кийин бир нече сааттан соң атылды.

Түндүк Корея кайрадан эки ракетасын сынады. Алар 300 чакырымдай аралыкка учуп барган. Америкалык адистер Түндүк Корея ракеталык сыноолорду сүйлөшүүлөр учурунда Вашингтонго басым көрсөтүш үчүн колдонот деп эсептейт.

Түндүк Корея эки ракетасын Жапон деңизин көздөй учуруп, сыноодон өткөрдү. Түштүк Кореянын штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин маалыматында үлгүсү белгисиз эки ракета 330 чакырымга чейин учуп барганы айтылат.

«Бүгүн биздин аскерлер чыгыштагы Түштүк Пхёнган провинциясындагы Кэчхондон атылган, жакын аралыкка учуучу эки белгисиз ракетаны аныкташты. Алардын эң учушунун эң узак аралыгы 330 чакырым болду. Түштүк кореялык жана америкалык чалгын кызматтары анын майда-баратын изилдеп жатышат», - деди Түштүк Кореянын өкүлү Ким Жон Рак.

Ал эми Жапониянын Коргоо министрлиги Түндүк Кореянын ракеталары анын деңиз сууларына түшкөнү тууралуу маалымат жок экендигин жана улуттук коопсуздукка эч кандай коркунуч келбегенин маалымдады. Такеши Ивайя, Жапониянын коргоо министри:

Такеши Ивайя.
Такеши Ивайя.

«Азыркы учурда өкмөт бардык маалыматтарды чогултуп, иликтеп жатат. Бирок түндүк кореялык ракеталар Жапониянын аймагына кирген жок. Биз Түндүк Корея кайра-кайра жүргүзүлгөн бул сыноолор аркылуу өзүнүн ракеталык технологиясын жакшыртып жатат деп ойлойбуз», - деди.

Мунун алдында эле Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Чо Сон Хуэй, мамлекеттик телеканалдан көрсөтүлгөн билдирүүсүндө, сентябрдын акырында Кошмо Штаттар менен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу тууралуу ар тараптуу талкуу баштоого даярдыгын билдирген. Чо Кошмо Штаттар сүйлөшүүлөргө жаңыча мамиле кылышы керек экенин, болбосо болочок сүйлөшүүлөр да токтоп калышы мүмкүн экенин эскерткен.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 30-июнда эки Кореянын демилитаризациялык аймагында жолугушуп, февралда Вьетнамда болгон саммитте ийгиликсиз аяктап, ошону менен токтоп калган Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүнү жандандырууну макулдашкан. Бирок америкалык расмий адамдар алардын сүйлөшүүнү баштоо аракеттери жоопсуз калып келе жатканын билдиришкен. Бул - Пхеньяндын эки лидердин июндагы акыркы жолугушуусунан берки сегизинчи, ал эми 24-августтан берки биринчи ракета учурушу.

АКШ администрациясынын жогорку өкүлү «Америка үнү» радиосуна «биз Түндүк Кореялык ракета учурушу жөнүндө кабардарбыз. Кырдаалга көз салып, аймактагы өнөктөштөрүбүз менен кызуу маалымат алмашып жатабыз» деп билдирген.

Февралда Вьетнамда ийгиликсиз аяктаган сүйлөшүүдө Трамп Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан акырындык менен баш тартуу, анын ордуна санкцияларды азайтуу боюнча сунушун четке каккан. Америка тарап Пхеньян өзөктүк программасын толугу менен токтотушу керек деп эсептейт.

Америкалык талдоочулар Түндүк Корея бул ракета сыноону сүйлөшүүлөр учурунда Вашингтонго басым көрсөтүш үчүн жүргүзүп жасап жатат деп эсептейт. Бул сүйлөшүүлөр Түндүк Кореянын өзөктүк программасын толук токтотууну, анын ордуна Пхеньянга каршы киргизилген АКШнын бардык санкцияларын алууну көздөйт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG