Линктер

бейшемби, 19-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:53

Пхеньян кайрадан ракета учурду


Түндүк Корея 25-июлда учурган кыска аралыктагы ракета.

Түндүк Корея соңку бир жума ичинде экинчи жолу кыска аралыктагы ракетасын учурду. Коңшусу Түштүк Корея Пхеньянды мындай кадамдарын токтотууга чакырды. Расмий Токио Түндүк Кореянын ракета сыноосу Жапониянын коопсуздугуна коркунуч жаратпаганын билдирди.

Кыска аралыктагы эки баллистикалык ракета Түндүк Кореянын Вонсан аймагынан 31-июлдун таңында учурулду. Расмий Сеулдун маалыматына ылайык, ракеталар 30 чакырымдай бийиктикке көтөрүлүп, 250 чакырымдай учуп барып, Жапон деңизине түштү.

Азырынча расмий Пхеньян бул ракеталарды эмне үчүн учурганын түшүндүрө элек. Түштүк Кореянын коргоо министри Чон Гён Ду шаршемби күнү учурулган ракеталар мурдагы моделдерден айырмаланып турарын айтты.

"Түндүк Кореянын тынымсыз ракета учурганы Корей жарым аралындагы чыңалууну басаңдатууну көздөгөн аракетке жардамчы боло албайт. Биз Түндүк Кореяны мындай аракетин токтотууга чакырабыз", - деп айтылат Түштүк Кореянын армиясынын Башкы штабынын билдирүүсүндө.

АКШнын расмий өкүлдөрүнүн бири Түндүк Кореянын ракета сыноосун CNN телеканалына ырастап, ракета деңизге түшкөнүн, андан Кошмо Штаттарга же анын өнөктөштөрүнө коркунуч жаралбаганын айтты.

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ да кыска аралыктагы баллистикалык ракеталар Жапониянын коопсуздугуна шек келтирбегенин белгиледи.

"Ракеталардын учурулушу Жапониянын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратпаганы ырасталды. Биз бул маселеде АКШ жана башка өлкөлөр менен жакындан иш алып барабыз", - деди Абэ.

Кездешүүдөн кийинки сыноо

АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын соңку жолугушуусу, 30-июнь 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын соңку жолугушуусу, 30-июнь 2019-жыл.

Алты күн мурда же 25-июлда да Түндүк Корея кыска аралыктагы эки ракетасын сынаган. Алардын бири 690 чакырымдай, экинчиси 430 чакырымдай учуп, Жапониянын экономикалык аймагына жетпей, деңизге кулаганы белгилүү болгон.

Өткөн аптадагы бул сыноо АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын июнь айындагы кездешүүсүнөн кийинки алгачкы сыноо болуп калган.

Расмий Пхеньян бул кадамын Түштүк Корея менен АКШнын кийинки айга пландалган аскердик машыгууларынан улам расмий Сеулга гана багытталган эскертүү деп мүнөздөгөн.

Түндүк Корея баштан бери эле Сеул менен Вашингтондун биргелешкен машыгууларына каршылык билдирип, аларды өзүнүн коопсуздугуна коркунуч жараткан кадам катары сыпаттап келет.

Июль айынын башында Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги өзөктүк жана узак аралыктагы ракета сыноолоруна киргизилген мораторий алынарын ишара кылган.

Бул өлкөнүн лидери менен баш-аягы үч жолу кездешкен АКШ президенти Дональд Трамп 20 айга созулган мындай мораторийди өзүнүн тышкы саясаттагы ири жетишкендиги катары мүнөздөп келген.

Акыркы жолу, 30-июнда Дональд Трамп менен Ким Чен Ын эки Кореянын ортосундагы демилитаризациялык аймакта жолукканда Түндүк Кореянын өзөктүк программасын чектөө боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону макулдашканы кабарланган.

АКШнын башкы дипломаты, мамлекеттик катчы Майк Помпео 30-июлда Азияга учуп бара жатып, Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөр тууралуу журналисттерге учкай маалымат берди.

"Менде көп нерсе деле жок. Сүйлөшүүлөр кеч болуп калгыча башталат деп ойлойбуз. Буга абдан үмүттөнүп турам. Эки лидер демилитаризация аймагында жолукканда төрага Ким сүйлөшүүлөр бир нече апта ичинде башталаарын айткан", - деди Помпео.

Талаштуу сыноолордун таржымалы

Түндүк Кореянын лидери ракета сыноосуна белгисиз аймактан байкоо салып жатат, 25-июль 2019-жыл.
Түндүк Кореянын лидери ракета сыноосуна белгисиз аймактан байкоо салып жатат, 25-июль 2019-жыл.

Баш кеңсеси АКШда жайгашкан "Ядролук коркунуч демилгеси" уюмунун маалыматы боюнча, Түндүк Корея 2006-2017-жылдар аралыгында баш-аягы алты жолу өзөктүк бомбасын сынаса, 1984-жылдан бери кеминде 120 жолу ракета учурду.

Ракета сыноолорунун үчтөн экиси азыркы лидер Ким Чен Ындын тушунда ишке ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Пхеньяндын мындай сыноолоруна тыюу салган.

Түндүк Кореянын өзөктүк дымагынын башаты 1953-жылы токтогон үч жылдык Корей согушуна барып такалат. Бирок бул маселеге эл аралык коомчулуктун көңүлү 1990-жылдардын башында гана бурула баштаган.

1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги (МАГАТЭ) Пхеньяндын өзөктүк программасынын масштабы расмий жарыялангандан да чоң экенин билдирген. Мындай тыянактан көп өтпөй же 1994-жылы Түндүк Корея МАГАТЭнин мүчөлүгүнөн чыгып кеткен.

Ошондон тарта эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасын ооздуктоо аракетин көрүп келет.

- ВИДЕО: Пхеньяндын 2017-жылдын август айына чейинки сыноолорунун таржымалы:

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG