Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Пхеньяндын ракеталык сыноосу жана ишарасы


Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын.
Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын.

Түндүк Корея 9-майда Пхеньяндан анча алыс эмес жердеги полигондон эки ракетасын учурганын түштүккореялык "Рёнхап" маалымат агенттиги өлкөнүн аскер жетекчилерине шилтеме кылып кабарлады.

Түндүк Корея жарым аралды өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кезде экинчи жолку ракета учурду.

9-майда Түндүк Кореядан ракета атылганын Түштүк Кореянын штаб башчыларынын биргелешкен комитети билдирди. Маалыматта ракетанын түшкөн жери көрсөтүлгөн эмес, бирок ал Түндүк Кореянын бардык аймагынан учуп өтүп, Жапон деңизине кулаган болушу мүмкүн.

Эки ракета тең Пхеньяндын түндүк батышындагы Пхёнан-Пукто провинциясындагы Синори айылындагы базадан эртең менен саат 9:30да атылган. Биринчи дүрмөттүн траекториясы 420 чакырымга чейин учуп барса, экинчиси 270 чакырымга жеткени кабарланууда. Сеул азыр америкалык адистер менен аталган сыноолорду иликтеп жатат.

4-майда да Түндүк Корея жакын аралыкка учуучу белгисиз үлгүдөгү тактикалык ракетасын сынаган. Ал таңга маал Вонсан районундагы полигондо сыналганын Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги маалымдаган.

Андан мурда, 17-апрелде Пхеньян “тактикалык башкаруудагы куралын” сынаганын, бул курал "кубаттуу дүрмөттү" алып жүрүүгө ылайыкташканын, сыноо Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жетекчилиги алдында өткөнүн билдирген.

"Биз Түндүк Кореяны Корей жарым аралындагы аскердик чыңалууну күчөткөн аракеттерин токтотууга чакырабыз", - деди Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү Чой Соо 9-майда.

Акыркы күндөрдөгү сыноолор Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракеттери жүрүп жаткан кезге туш келди.

Февралдын акырында өткөн Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Ханойдогу саммити ийгиликсиз аяктаган. Трамп сүйлөшүүдөн Ким Чен Ын айткан сунушту “жаман келишим” деп атап, кетип калган. Анда АКШ Ким Чен Ындан өзөктүк программасын тезинен токтотууну талап кылса, Түндүк Корея ага салынган санкцияларды алуу зарылдыгын айтып көшөргөн.

Талдоочулар Түндүк Корея ракеталарын сыноо менен сүйлөшүүлөрдө АКШга басым көрсөтүүгө аракет кылып жатат деп эсептешет.

Мындай пикирин 9-майда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да айтып, аны Ханойдогу ийгиликсиз сүйлөшүүгө карата Пхеньяндын “нааразылык ишарасы” катары сыпаттады.

Бир күн мурда Түндүк Корея Кошмо Штаттары менен Түштүк Кореяны сындап, буга чейинки ракета учуруулары өзүн өзү коргоо машыгуусунун алкагында болгонун айтып, чагым жасап жатат деген билдирүүлөрдү четке каккан.

«Жакында болгон биздин армиянын машыгуулары катардагы аскердик даярдыктын эле бир бөлүгү. Алар эч кимге каршы багытталган эмес жана аймактагы кырдаалды чыңалууга алып келген жок”, - деп айтылат Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалынын алып баруучусу окуган текстте.

8-майда АКШнын Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Стивен Бигэн корей жарым аралын өзөктүк куралдан артылуу боюнча сүйлөшүүнү баштоо жолдорун издөө үчүн Түштүк Кореяга келди. Ал ошондой эле кургакчылыктан жапа чегип, азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүп жаткан Түндүк Кореяга азык-түлүктөн жардам берүү жолдорун да карамакчы.

Акыркы жумалардагы жаңы ракеталык атуулар - Түндүк Кореянын 2017-жылдын ноябрындагы жаңы тактикалык башкаруудагы куралдарын текшерүүдөн өткөргөндөн берки алгачкы сыноолору.

Ким Чен Ын былтыр өзөктүк куралдарды жана алыска атуучу баллистикалык ракеталарды сыноону токтоткон.

Ошондон кийинки дипломатиялык кадамдардын алкагында АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин Ветнамдан алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Бул кездешүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараянын баштоого убада бергени кабарланган. Бирок адистер Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын билдирип келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG