Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

МАГАТЭ: Иран жаңы центрифугаларды орнотту


Центрифугалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Центрифугалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭ Иран уран байытуу үчүн акыркы үлгүдөгү центрифугаларды орното баштаганын ырастады. Бул тууралуу агенттиктин башкы жетекчисинин милдетин аткаруучу Корнел Феруцэ 9-сентябрда Венадан билдирди.

МАГАТЭнин генералдык директорунун милдетин аткаруучу Корнел Феруцэ жекшембиде Тегерандан келип, кийинки күнү эле Венада агенттиктин кеңешин чогултту.

Ал мекеменин инспекторлору жерине барып, Иран 2015-жылкы келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин кандай аткарып жатканын “текшерип, көзөмөлдөп” жатканын билдирди.

"Иран өзөктүк келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин сактап, толук жана өз маалындагы кызматташуусу маанилүү экенин белгиледим", - деди Корнел Феруцэ​.

МАГАТЭнин генералдык директорунун милдетин аткаруучу Корнел Феруцэ. Вена. 9-сентябрь, 2019-жыл.
МАГАТЭнин генералдык директорунун милдетин аткаруучу Корнел Феруцэ. Вена. 9-сентябрь, 2019-жыл.

МАГАТЭ таркаткан билдирүүдө жаңы үлгүдөгү центрифугалар урандын гексафторидин сыноого багытталганы жазылган.

Центрифуга - уран байытууда колдонулган негизги жабдуу. Байытылган уран реакторлорго отун катары жана өзөктүк курал жасоо үчүн колдонулушу ыктымал. Ал эми жакшыртылган центрифугалар Иранга өзөктүк бомба үчүн материалды тезирээк даярдоого шарт түзөт.

Корнел Феруцэ жекшембиде Тегеранда бийликтин жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолуккан.

2015-жылкы келишимде кандай шарттар каралган?

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган.

Ал келишимге ылайык, он жыл ичинде уранды байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан, байытылган урандын көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбоого тийиш экени көрсөтүлгөн.

Бирок былтыр АКШ президенти Дональд Трамп келишимде Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, өз өлкөсү макулдашуудан чыгарын маалымдаган.

АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгуу боюнча буйрукка кол койгон учур. 8-май, 2018-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылкы өзөктүк келишимден чыгуу боюнча буйрукка кол койгон учур. 8-май, 2018-жыл.

Мындан соң Вашингтон менен Тегерандын алакасы курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милдеттенмелерин азайтып, айрым шарттарын аткаруудан баш тарткан.

Бир аз мурда Иран макулдашууда жазылган чектен ашып, байытылган урандын көлөмүн 300 килограммдан көбөйткөн. Ал эми Тегеранга салынган Американын санкциясынан улам Иран мунайынын экспорту төмөндөп, улуттук акчасы кунун жоготуп, инфляция кескин жогорулаган.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ал документти сактап калууну жактайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG