Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

АКШ-Иран: жаңы келишимдин карааны


Иран менен АКШнын туулары.
Иран менен АКШнын туулары.

Иран Кошмо Штаттар киргизген санкциялар алынмайынча, Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын билдирүүдө.

Андан бир күн мурда АКШнын президенти Дональд Трамп жакынкы апталарда Ирандын президенти менен жолугушуусу мүмкүн экенин билдирген. Иран менен АКШга Франциянын президенти Эммануэл Макрон ортомчулук кылып жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани Кошмо Штаттар киргизген санкциялар алынмайынча Вашингтон менен сүйлөшүү жүргүзбөй турганын билдирди. Ал бул тууралуу 27-августта Иран телеканалдарынан түз эфирде көрсөтүлгөн билдирүүсүндө жарыялады.

Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

«Бул кадамсыз туңгуюктан чыгуу мүмкүн эмес. Иран элине киргизилген мыйзамсыз, репрессиялык жана туура эмес санкциялардын баары алынышы керек», - деди Хасан Роухани.

Иран президентинин айтымында, алар Вашингтон белгилеп жаткандай өзөктүк куралды жасоону эч качан көздөгөн эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп Хасан Роухани менен Тегерандын өзөктүк программасын чектеген жаңы макулдашууну талкуулаш үчүн жакынкы апталарда жолугушууга «абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр бар» экенин бир күн мурда билдирген.

Эгер жаңы макулдашуу түзүлүп калса, ал 2015-жылы түзүлгөн, бирок былтыр АКШ чыгып кеткен эл аралык келишимди алмаштырышы керек.

Франциядагы «Чоң жетинин» саммитинин аягындагы билдирүүсүндө Трамп: «Иран жолугушууну каалап жатат деп ойлойм», - деди. Анын сөзүнө караганда, ал бир жыл мурда калыбына келтирген Тегеранга каршы экономикалык чаралар Ирандын мунайын экспорттоону чектеп, өлкө экономикасына зыян келтирип жатканында эч күмөн жок. «Иран абалды жөнгө салууга кызыкчылыгы бар», - деди Трамп.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Эгер ылайыктуу кырдаал болсо, макулдашууга даярмын, - деди АКШ президенти. - Бирок ошол эле кезде алар да жакшы оюнчу болушу керек. Бул эмнени түшүндүрө турганын сиздер билесиздер. Алар айтып жаткандарын жасай алышпайт. Эгер кыла турган болсо, күчтүү аракеттерге кабылат. Бизде андан башка жол жок».

Дональд Трамп жаңы макулдашуу Иран чет жерде аскердик чабуулдары менен жаңы чыңалууга жол бербей тургандыгына кепилдик бергенде гана түзүлүшү мүмкүн экенин, ал 2015-жылдагыдай он жылга эмес, андан узак болушу керек экенин кошумчалады. Анда Иран өзөктүк курал жана баллистикалык ракета жасашына чектөө киргизилиши керек.

Ошол эле кезде АКШнын президенти Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф менен жолугууга али эрте экенин билдирди. Ирандын башкы дипломаты дем алыш күндөрү «Чон жетинин» жыйыны өтүп жаткан Франциянын Биарриц шаарына күтүүсүздөн келген. Кийин маалым болгондой, аны президент Эммануэл Макрон чакырган.

Франциянын башчысы Эммануэл Макрон АКШ-Иран тынчтык сүйлөшүүлөрүндө ортомчулук милдетти аткарууга аракеттенүүдө. Ал 26-августта Трамп менен өткөргөн биргелешкен басма сөз жыйынында Ирандын лидери Хасан Роухани менен сүйлөшкөнүн, ал Трамп менен жолугууга даярдыгын билдиргенин айтты.

Эмаунэл Макрон.
Эмаунэл Макрон.

«Бүгүн таңда мен Хасан Роухани менен сүйлөштүм. Ал анын өлкөсүнүн кызыкчылыгына туура келсе, кайсы гана лидер менен болбосун жолугушууга даяр экенин айтты. Эгер ал Трамп менен жолугушууга макул болсо, мен жаңы келишимге жетишсе болот деп ишенем», - деди Франциянын президенти.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыккандан кийин курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG