Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:38

Зариф «Чоң жетиге» чукул жакындады


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. Осло. 22-август, 2019-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф 25-августта Франциянын түштүк-батышындагы Биарриц шаарына күтүүсүз барды. Ал жакта ушул күндөрү «Чоң жетиге» кирген мамлекеттердин лидерлеринин саммити өтүп жатат.

«Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын чакыруусу менен Зариф «Чоң жыйырма» чогулган Биарриц шаарына Иран менен Франциянын президенттеринин ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн барды», деп жазды «Твиттердеги» баракчасына 25-август күнү, түштөн кийин Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Аббас Мусави. Ал Кошмо Штаттардын делегациясы менен Зарифтин ортосунда эч кандай жолугушуу пландалбаганын кошумчалады.

Ирандын тышкы иштер министринин Францияга барганын жана АКШнын делегациясы менен сүйлөшүүлөр күтүлбөгөнүн Макрондун администрациясы да ырастады. Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Зариф эки күн мурда Парижде жолугушуп, өзөктүк келишимди талкуулашкан.

Ирандын тышкы иштер министри Макрон менен 23-августта өткөн жолугушуусун «жакшы жана жемиштүү» деп атап, француз президентинин өзөктүк келишимди сактап калуу боюнча сунуштары «туура багытта» экенин кошумчалаган:

«Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Ирандын лидери Хасан Роухани соңку бир нече жумадан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Анын максаты - өзөктүк келишимди сактап калуу».

Француз президенти Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы чыңалууну азайтуу максатында Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү кийинчерээк улантууга убада берген.

Бул тууралуу ал Зариф менен Парижде жолугушкандан соң эки күндөн кийин саммиттин алкагында жасаган билдирүүсүндө айткан. Макрон: «"Чоң жыйырманын" лидерлери кечээ Иран маселесин талкуулашты жана мындан улам эки багытты тактап алдык. Биринчиси - «Чоң жыйырманын» бир да мүчөсү Иранда өзөктүк бомба болушун каалабайт жана «Чоң жыйырманын» мүчөлөрү аймакта турууктулук жана тынчтык болушун көздөшөт», - деди.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 23-август, 2019-жыл. Париж.
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон. 23-август, 2019-жыл. Париж.

Ал эми Биаррицага Зарифтин келиши тууралуу журналисттердин суроосуна АКШнын президенти Дональд Трамп: «Комментарий берилбейт», - деп жооп кайтарды.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу Вашингтон 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыккандан кийин курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизип, ал эми Тегеран келишимде өзүнө алган милденттенмелерин кыскарта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Вашингтон Тегеранды өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүгө келүүгө мажбурлаш үчүн союздаштарын Иранга басым жасоого чакырып келет. Ал эми келишимге кол койгон үч Европа мамлекети - Британия, Франция жана Германия келишимди сактап калууга аракет кылып жатышат. Макрон бул жуманын башында ирандыктардын жашоосун жакшыртыш үчүн аларга каршы салынган санкцияларды жумшартууну же башка бир компенсациялык механизм иштеп чыгууну сунуш кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG