Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын бөгөт чарасын карап жатат.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «Азаттык» радиосуна билдиргендей, сот Фархад Бабиевдин абактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартты.
Ушу тапта Кой-Таштагы окуядан кийин кармалган КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов менен Кыяс Смайловдун бөгөт чарасы каралууда. Ушул эле күнү Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин бөгөт чарасына байланыштуу адвокаттын арызы каралат.
30-сентябрда Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкинанын үй камагындагы, ал эми партиянын дагы бир мүчөсү Фарид Ниязовдун абактагы мөөнөтүн 9-декабрга чейин узарткан.
Ирина Карамушкина 7-8-августта Чүйдүн Кой-Таш айылында Атамбаевди кармоо учурунда күч кызматкерлерин барымтага алууга тиешеси болушу мүмкүн деп шек саналууда.
Кой-Таштагы окуяга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалган тарапкерлери муну бийликтин куугунтугу катары эсептешет. (КЕ)