Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:34

Киевдин тургундары Орусияга каршы митингге чыгышты


"Штайнмайер формуласына" каршы нааразылык. Киев. 2019-жыл
"Штайнмайер формуласына" каршы нааразылык. Киев. 2019-жыл

Киевдин Эгемендик аянты – Майданда Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салууда Орусияны эпке келтирүү чараларына каршы митинг өтүп жатат.

Акцияга бир нече миң адам катышууда. “Багынууга жок” ("Нет капитуляции") деген ураан менен чогулгандар партияларга тиешеси болбогон символикалар менен келишти. Мурдагы президент, Жогорку Раданын депутаты, "Европа тилектештиги” сыяктуу бир нече партиялар митингди колдоорун жарыялашты. Ушундай эле акциялар жекшембиде Украинанын башка шаарларында да өтүүдө.

Нааразылыктардын тутанышына ушул аптада Минскидеги сүйлөшүүлөрдө “Штайнмайердин формуласы" деп аталган макулдашуу себеп болду. Макулдашуу Орусия колдогон жикчилдердин көзөмөлүндө турган Донбасстагы райондорго өзгөчө макам берүүнү камсыздайт.

Бул келишимдер “Украинанын Орусияга багынуусуна” алып келерин айткан акциялардын катышуучулары президент Владимир Зеленскийдин аракеттерин айыпташууда. Ушундай эле айыптоолор менен Украинанын бир катар облустук кеңештери да чыкты.

Зеленский телекайрылууда “Штайнмайердин формуласында" кеп болгон Донбасстагы шайлоолор бир катар шарттарды аткаргандан кийин гана өтөрүн айтты. Ал анын ичинде Орусиянын Украинанын чыгышынан орусиялык аскерлердин чыгарылышын жана Орусия менен чек арадагы көзөмөл украин чек арачыларына өткөрүлүп берилишин да ушул шарттарга кошту. Зеленский мындан сырткары Донбасстын өзгөчө макамы жөнүндө мыйзам коомчулук менен талкууланарын кошумчалады.

"Штайнмайер формуласы" деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуштаган. Орусия документти макулдашуу болсо гана Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлери катыша турган “Норманд форматындагы” жолугушууга барарын билдирген. Жолугушуунун күнү азырынча белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG