Линктер

дүйшөмбү, 21-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:45

Чынарбек Изабеков күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты


Чынарбек Изабеков.

Кыргызстандык ардагер балбан Чынарбек Изабеков ушул күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Изабеков 12-октябрда 46 жаштан 50 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (C категориясы) 100 килограмм салмакта күч сынашып, үч беттеш өткөрүп финалга чыкты.

Алгачкы беттешинде Чынарбек Изабеков казакстандык Куаныш Мырзаны, чейрек финалда Түштүк Африкадан келген Пиетер Фредерикти, жарым финалда ирандык балбан Сухраб Рахматабадини жеңип алды.

Эми финалдык беттеште ал дагы бир ирандык балбан Али Аббас менен беттешет.

Чынарбек Изабеков эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына бешинчи ирет катышып жатат. Ал буга чейин эки жолу дүйнө чемпиону аталып, бир жолу күмүш, бир жолу коло байге алган.

Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда башталган.

Грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Бердикул Караев (56-60 жаштагылар арасында, 88 кг.) күмүш, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (41- 45 жаштагылар арасында, 70 кг.) коло байге алган.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөштөн (56-60 жашка чейинки курактагы балбандар арасында дүйнө чемпиону атыкты. Дагы бир кыргызстандык эркин күрөш балбаны Билимбек Капарбеков 40 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта күмүш байге алды. Таймаштар 13-октябрда жыйынтыкталат. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG