Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

БШК: Төш белгилерде ката жок


Жергиликтүү кеңештин депутаттарына даярдалган төш белгилер.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарына даярдалган төш белгилер.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы «жергиликтүү кеңештин депутатынын төш белгиси ката менен даярдалган» деген маалыматты четке какты.

Комиссиянын аппаратынын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев «Азаттык» радиосуна билдиргендей, төш белгидеги жазууда ката жок.

- Ката болушу мүмкүн эмес. Төш белгилер тендер аркылуу даярдалган. Биз өзүбүз карап, текшергенбиз, - деди ал.

16-октябрда айрым маалымат булактары төш белгидеги жазуу ката экенин, «жергиликтүү» деген сөздө «ү» тамгасы үч жолу жазылып калганын билдирип чыгышты.

Айтикеев ката жазылган төш белгилерди кимдир-бирөөлөр колго жасашы мүмкүн экенин кошумчалады.

Кыргызстанда жергиликтүү депутаттын төш белгисинин тендердик баасына байланыштуу буга чейин маселе жаралган.

Жергиликтүү кеңештерде 7,5 миңге жакын депутат бар. 2018-жылы 740 000 сомго 10 000 нускада төш белги даярдалган. (RK)

XS
SM
MD
LG