Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия айыл тургундары менен жолугушту


Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү Кой-Ташта.
Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөлөрү Кой-Ташта.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бүгүн, 16-октябрда Кой-Ташка барып, бул айылдын жашоочулары менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объектилерге, анын ичинде турак үйлөр менен өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмүнө барышканын кабарлады.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG