Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

Бакыт Төрөбаев: Футболдун фанат топторун түзүш керек (видео)


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын ар бир ири шаарында футбол командасын жана алардын фанат топторун түзүш керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 17-октябрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Депутат ошондой эле футбол күйөрмандары көбөйсө өлкөдө элдин нааразылык маанайы төмөн болорун Европанын мисалында айтып, шаарлардагы футбол командалары жергиликтүү бюджеттин эсебинен түзүлүшү зарыл экенин кошумчалады:

- Шаардык команда түзүп, алар бири-бири менен ойноп, фанаттар түзүлүшү керек. Жакшы футбол күндөрү жалпы Европада бир миллиард адам стадионго келип, жакшы эмоция жаратат. Мына ушундай идеология. Бизде Кыргызстанда да ошондой болушу керек. Ошол Европада нааразычылыктын деңгээли эң төмөн.

Депутат Төрөбаев Кыргызстандын футбол боюнча курама командасына каржылык жактан 2016-жылы гана көңүл бурулганын кошумчалап, «бюджети 70 миллион, анын 20 миллионун өзүлөрү табышыптыр, 50 миллион сурап жатышат, ошого жардам беришибиз керек» деди.

Кыргызстандын «Ак шумкарлар» улуттук курама командасы бул күндөрү 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG