Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Алмаматовдун бийликке көлөкө түшүргөн иши


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Бишкек шаардык сотунун чечими менен Каттоо кызматынын башкармалыгынын абактан бошотулган мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин эми Жогорку сот карамай болду.

Автотранспортторду каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкектеги башкармалыгынын башчысы Насирбек Алмаматовдун пара алып кармалганы боюнча кабарды 2018-жылы Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөш кызматы жарыялаган.

Чиновниктин иш бөлмөсүнөн пара алганы тартылды деген видеотасма коомчулукка таркап, бул коррупцияга каршы жигердүү күрөштүн далили катары айтылган.

Автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схеманы түзгөн деп айыпталган Алмаматовдун ишин Октябрь райондук соту карап, былтыр ноябрь айында аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан.

"Азаттыктын" архиви: Транспорт каттоодогу коррупция. 2-декабрь, 2018-жыл

Транспорт каттоодогу коррупция
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:45 0:00

Муну менен кылган ишине жараша мыйзамга ылайык жазасын алды деп Алмаматовду коомчулук унутуп деле калмак. Бирок экс-чиновниктин эркиндикке чыкканы тууралуу коомчулукта күбүр кеп тарап, анын чын-төгүнүн кийинчерээк "Азаттык" расмий тактады.

Тагыраак айтканда, Насирбек Алмаматовго чыккан Октябрь райондук сотунун өкүмү кийинки инстанцияда өзгөртүлүп, сот залынан түз эле эркиндикке коё берилгенин Бишкек шаардык соту бышыктады.

Көрсө, Алмаматов ушул жылдын 9-июлунда, ала жайда эле 12,5 жылдык жаза мөөнөтүнүн ордуна 3 миллион 300 миң сомду айып пул катары төлөп бошотулган экен.


Үч айдан кийин гана белгилүү болгон бул жаңылык коомчулукта кызуу талкууну жаратып, "өлкөдөгү коррупцияга каршы күрөштүн чыныгы жүзү ушул" деп бийликти айыптаган нааразылыктар айтылды.

Маселен, коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев бул ишти диверсиялык аракет деп атады:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

- Конкреттүү бул кишини деле билбейм, бирок пара алып, өздөрү айткандай туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнү үчүн 12 жылга соттолгон киши бир жылга жетпей боштондукка чыгып кетти дегендин өзү "коррупцияга каршы күрөш жарыяладым" деген президенттин саясатына каршы диверсия. Президенттин сөзүн, ишин жокко чыгарып жатпайбы. Башкача айтканда, тилин кыскартат. Мисалы, эртең президент эл алдына чыгып, "мына эки жылдан бери коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат" десе, кайсы киши болбосун "күрөшүңөрдү көрүп жатабыз, пара алып соттолгондор сайрандап эркиндикте эле жүрөт, кайра байлыгын көбөйтүп жатат" деп ачык эле айтышы мүмкүн. Эгер коррупцияга каршы күрөш десе, ал жалпы жүрүшү керек.

Ал эми Насирбек Алмаматов менен анын адвокаттары Бишкек шаардык соту чыгарган чечим боюнча коомчулукка ачык пикирин айта элек.

"Азаттык" Алмаматовдун өзүнө чалган учурда "адвокатым менен кеңешип, анан комментарий берем " деген бойдон кайра байланышкан жок.

Ал эми анын адвокаты болуп келген Сумар Насиза "шаардык сотто биз уткан соң, демек аталган чечим мыйзамдуу" деп кыска гана жооп берди.

Коомчулукта күч алган нааразычылыктардан улам Жогорку сот Алмаматовдун иши эң жогорку инстанцияда кайра караларын жарыялады. Андагы маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасынын арызынын негизинде бул иш 30-октябрда кайра каралганы турат.

Эң кызыгы, Алмаматовдун ишине байланыштуу прокуратуранын буга чейинки позициясы болууда. Муну Жогорку сот да түшүнбөй, 17-октябрда тараткан билдирүүсүндө прокуратуранын мурдагы жана азыркы позициясы талаштуу болуп жатканын жашырган эмес.

"Бул иш боюнча сотко катышкан прокурор апелляциялык өтүнүчтүн талабын өзгөртүп, айыпталуучуга ошол кезде 33 миң эсептик көрсөткүчтөгү айып пул салууну суранган. Бул өтүнүч учурунда канааттандырылган. Буга карабай аталган орган азыр өз өтүнүчүнө карама-каршы келип, Жогорку сотко кайрылууда. Прокуратуранын бул иш боюнча позициясы бир кылка эмес болууда", - деп айтылат сот тараткан билдирүүдө.

Алмаматовдун иши боюнча прокуратура комментарий бере элек.

Өлкөнүн мурдагы баш прокурору Байтемир Ибраев прокуратуранын аракеттеринде логикалык ырааттуулук болбой, шек жараткан жагдайлар көп экенин белгилейт:

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

- Прокуратура алгач өздөрү жеңилдеткиле деп өтүнүч келтирип, ал өтүнүч канаттандырылса, учурда жагдайга жараша кайра карагыла деп отурганы албетте прокуратуранын абройуна шек келтирет. Бул жерде таза эмес оюндар барбы деген шек саноо албетте болот жана аны жакшылап текшериш керек."

"Азаттыктын" өздүк булактарынын маалыматы боюнча, Алмаматовдун ишинин акыркы жагдайы бийликтин эң жогорку деңгээлинде талкууланган. Анын жыйынтыгында коррупцияга каршы күрөшкө көлөкө түшүрдү деген жүйөнүн негизинде ишти кайра кароо зарылдыгы айтылган.

Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөштө пара алуу же башка экономикалык кылмыштарга айыпталгандарды абакка кескендин ордуна андан айыпты эселеп өндүрүп, андан кийин гана эркиндикке коё берүүнү туура көргөндөр да бар. Маселен, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков мындай көз карашты жактагандардын бири.

"Менин айтайын дегеним ушул Алмаматовдун мисалында эмес, бирок эгерде бирөө экономикалык кылмыш жасап 100 миң уурдаса, аны прокуратура эселеп өндүрүп алса мамлекетке көбүрөөк пайда алып келет. Эгер камакта болсо мамлекет ага акча коротот. Баарын эле камай берсек, эртеңки күнү биздин генибиз кандай болот" - деп белгилейт Келдибеков.

Кыргызстанда эки жыл мурун бийликке келген президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү негизги ураандарынын бири катары айтып келет. Буга чейин бул ураандын астында өлкөнүн мурдагы президенти, эки премьер-министри баш болгон жоон топ адам камакка алынган.

Президенттин каршылаштары болсо бул күрөш тандалма эреже менен жүрүп, учурдагы бийликке каршы чыккандар камалып, өлкө жетекчилигине жакын адамдардын шек жараткан иштери көңүл сыртында калып жатканын белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG