Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Молдовада жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат


Молдова жараны добуш берип жатат. 20-октябрь, 2019-жыл.
Молдова жараны добуш берип жатат. 20-октябрь, 2019-жыл.

Молдовада шаар башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин мүчөлөрүн шайлоо өтүп жатат. Бул өкмөт алмашкан төрт айдан берки биринчи шайлоо. 20-октябрдагы добуш берүүдө молдовандар 900дөй шаар мэрин, жергиликтүү кеңештердин 1100дөй мүчөсүн тандашат.

Борбордук шайлоо комитетинин маалыматына караганда, өлкө калкынын 2,8 миллиондой жараны добуш берүүгө укуктуу.

Февралда өткөн шайлоодон кийин олуттуу конституциялык кризис башталып, өкмөттү бир канча жылдан бери башкарып келе жаткан Демократиялык партияны бийликтен кетириш үчүн Орусия колдогон президент Додондун Социалисттик партиясы жана европачыл ACUM блогу парламентте коалиция түзүшкөн. Мындан соң АСUM блогунан Майя Санду өкмөт башына келген.

Батыш мамлекеттери Молдовадагы саясий туруксуздук демократиянын калыптанышына тоскоолдук жаратып жатканын белгилеп келишет. 3,5 миллиондой калкы бар Молдова Европадагы эң жакыр мамлекет деп саналат.

XS
SM
MD
LG