Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:58

Жапон императору кызматка расмий киришкенин белгиледи


Жапон императору Нарухито.
Жапон императору Нарухито.

Токиодо 22-октябрда Жапониянын императору Нарухитонун кызматка расмий киришкенинин урматына арналган чоң салтанат өттү. Ага 170тен ашык өлкөдөн келген жогорку даражалуу коноктор катышты.

Нарухито ант берип жатып, милдетин так аткарууга жана өз өлкөсүндө бакубат жана бейпил жашоо курууга убада берди.

Бул окуянын урматына Жапонияда жол эрежесин бузуу өңдүү майда-чүйдө кылмыш кылган 550 миң адамга мунапыс берилди. Ал эми парад өңдүү жалпы элдик майрам эмдиги айга жылдырылды.

Ушул айдын башында Жапонияны "Хагибис" катуу бороону каптаган. Бул соңку ондогон жылдардын ичиндеги катаал табыгый кырсык болуп калды. Андан 80 адам өлүм, жүздөгөн киши жаракат алды.

Нарухито Жапониянын 126-монархы болуп калды. Ал атасы Акихитодон бийликти быйыл 1-майда өткөрүп алган. Акихито жашы улгайып калганына жана саламаттыгына байланыштуу тактысын уулуна берген. Мындан улам Жапонияда 200 жылдан бери биринчи ирет императорлор көзү тирүүсүндө алмашкан.

Жапонияда император саясатка жана өлкөнү башкарууга кийлигишпейт. Ал мамлекеттин жана улут биримдигинин символу болуп саналат.

Жапон императорунун кызматка расмий киришкенине арналган салтанатка Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты.

XS
SM
MD
LG