Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:29

Конституциялык палата: Атамбаевдин макамын алуу Баш мыйзамга каршы келбейт (видео)


Конституциялык палата.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин өтүнүчүн четке какты. Конституциялык палатанын судьялары 2019-жылдагы «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамдын нормаларын Баш мыйзамга ылайык деп тапты. Бирок Конституциялык палата «учурдагы президент экс-президенттен кепилдикти алат» деген эреже Баш мыйзамга дал келбей турганын билдирди.

Конституциялык палатага арыз жазган Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин бири Нурбек Касымбеков аталган орган алардын арызын четке какканын билдирип, бир катар жүйөлөргө көңүл бурбай койгонуна нааразы болду.

Касымбековдун айтымында, Конституциялык палатанын чечими даттанууга жатпагандыктан анын үстүнөн кайрылууга мүмкүн эмес.

Атамбаевдин макамын алуу мыйзамдуу деп табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00


Жогорку соттун Конституциялык палатасы Атамбаевдин тарапкерлеринин арызын 23-октябрда карай баштаган. Ал күнү соттук коллегиянын бир мүчөсү Эркинбек Мамыров ишти караган курамдан чыгарылган. Буга парламенттин өкүлү Мамыров аталган мыйзам боюнча пикирин алдын ала билдиргени үчүн «ишти кароодо калыстык кыла албайт» деген өтүнүчү себеп болгон.

Жогорку Кеңеш быйыл 27-июнда «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиги» жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизип, Алмазбек Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыраткан. Парламенттин мындай чечимин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев таануудан баш тартып, Конституциялык палатага кайрылган.

Алмазбек Атамбаев Конституциялык палата бул маселени карамайынча өзүн тергөөгө күбө катары чакырууну мыйзамсыз деп эсептей тургандыгын айтып, ага баруудан баш тарткан болчу.

Бул окуялар өнүгүп отуруп, 7-8-августта мурдагы президентти Кой-Таш айылындагы үйүнөн тергөөгө күч менен алып келүү аракети башаламандык менен коштолгон. Анын жыйынтыгында УКМКнын «Альфа» атайын тобунун бир кызматкери курман болуп, жүздөн ашык адам жабыркаган.

Бул окуялардан соң Алмазбек Атамбаев ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун тынч жагдайда сүйлөшүү аракетинен кийин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Учурда ал бир нече оор кылмышка байланыштуу шек саналууда.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (51)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG