Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:25

Базар-Коргондо ботулизмге чалдыккандардын экөөнүн абалы оор


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда тамак-ашка ууланып ооруканага түшкөн он адамдын арасынан 11 жаштагы кыз менен 66 жаштагы аял өзүнө келе элек. Алар жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппараттын жардамы менен жатышат. Дарыгерлер алардын ден соолугуна күнү-түнү көз салышууда.

Алар талаада пахта терип жүрүп, түштөнүү убагында колдо жабылган салат жешкен соң өздөрүн жаман сезип, 19-20-октябрда дарыгерге кайрылышкан.

Сегиз киши Базар-Коргон райондук ооруканасына, экөө Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Былтыр да ушул эле райондо алты адам ботулизмге чалдыккан. (SE\RsK)

XS
SM
MD
LG